ОШ АЙЫЛ ЧАРБА ТЕХНИКУМУНУН ДИРЕКТОРУ ТУВАШЕВ ПОЛОТ ЗУЛЖАЛАЛОВИЧ
Кеңири маалымат >>>
Ош айыл чарба техникумунун сайтына кош келиңиздер!
Ар бир адамдын жашоосунда келечектеги жашоосуна таасир этүүчү тандоо жасоо керек болгон учурлар болот. Эртеби-кечпи, ар бир адам кесип тандоо алдында турат. Туура тандоо адамдын бүткүл келечектеги жашоосун аныктайт. Кесип тандоо чындыгында абдан маанилүү кадам, сиздин ийгиликтүү келечегиңиз андан көз каранды: коомдогу статусуңуз, ишмердүүлүгүңүзгө жеке канааттануу, финансылык абал!
Бир канча убакыттан кийин тандаганыңызга өкүнбөш үчүн кесипти кантип тандоо керек, ким болуу керек? Эсиңизде болсун: кесип тандоо, ким болууну тандоо - өз тагдырыңды өзүң тандайсың.
Кесиптен ырахат алып, сиздин мүмкүнчүлүктөрүңүздү максималдуу ишке ашырууну камсыз кылышыңарды сунуштайбыз.
Биздин техникумдун веб-сайты сиздердин кээ бириңиздерге келечектеги кесипти тандоого, биздин техникум менен тааныштырууга, анын дубалында сиз тандаган кесипке ээ болууга, ошондой эле билимиңизди бүтүрүүгө жардам берет деп ишенем.
Сайттан техникумдун, анын ишмердүүлүгүнүн максаттары жана милдеттери тууралуу толук маалымат алып, иш пландары менен таанышып, ченемдик-укуктук документтерди изилдеп, жаңылыктарды биле аласыздар.
Баардык каалоо-тилек жана пикириңизди “Суроо берүү” бөлүмүнө калтырсаңыз болот.
Биздин сайтка кириңиз, таанышыңыз, чечим кабыл алыңыз, чалыңыз!
Урматтоо менен, Ош айыл чарба техникумунун директору Тувашев Полот Зулжалалович.